Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имамы Мырза кары Осмонов Алай районунун Сары-Могол айылында жашаган памирлик кыргыздарга кайрымдуулук жардамын көрсөттү. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Сары-Могол айылындагы памирлик 51 тургунга жана жергиликтүү 40 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын жеринде таратып берди.
Ошондой эле демөөрчүлөрдүн жардамы менен Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш районунун 150 тургунуна, Керме-Тоодогу 150 адамга, Батыш жана Төлөйкөн районунундагы 150 кишиге жардам баштыкчалары таркатылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн