Бугу 11, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Пандемия шартында ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө

05.08.2020 16:53
1009
Пандемия шартында ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө


Быйылкы жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу  менен онлайн режиминде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу билим жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров 5-августтагы брифингде  билдирди. 


Анын айтымында, онлайн кабыл алуу пандемия шарттарында биринчи кезекте болочок студенттердин коопсуздугун камсыздайт жана университеттерде адамдардын массалык чогулуусун алдын алат.


"Бул процессти уюштуруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты”, - деди Нурлан Өмүров. 


Маалым болгондой, www.2020.edu.gov.kg сайтында Кыргызстандын бардык окуу жайлары, факультеттер жана адистиктер жайгаштырылган. 


«Абитуриент Online» системасы айкын убакыт режиминде кабыл алуу процессине байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, рейтингдеги ордун карап туруу билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясынын сынактын жыйынтыктарына таасир этүүсүн минималдаштырат жана абитуриентке тандоосу боюнча кайсы болбосун билим берүү уюмуна кайрылууга мүмкүндүк берет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн