Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пандемияда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууну колдошту

17.07.2020 17:13
1158
Пандемияда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууну колдошту


Пандемия жана оор эпидемиологиялык кырдаал шарттарында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча долбоорду практикалык ишке ашыруунун акуталдуулугу пайда болот. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков видеоконференция форматында тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын деңгээлиндеги «Борбордук Азия-Кытай» жолугушуусунда билдирди.


Иш-чара кытай тараптын демилгеси боюнча уюштурулду.


Жолугушууда Кытай жана Өзбекстан бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн колдошту. Ошондой эле ишкер жана техникалык персоналдын ыңгайлуу өтүүсү үчүн экспресс-коридор, Борбордук Азия өлкөлөрү жана Кытайдын ортосунда трансчекаралык жүк агымы үчүн үзгүлтүксүз, жөнөкөйлөтүлгөн “жашыл коридор” түзүү жөнүндө Кытайдын сунушу дагы колдоо тапты.

       
Видеоконференциянын жыйынтыгында катышуучулар тиешелүү биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн