Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 13:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Пандемияда паника болбоңуз! Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан 10 кеңеш

19.07.2020 15:53
1838
Пандемияда паника болбоңуз! Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан 10 кеңеш


Дүйнөнү COVID-19 инфекциясы каптагандыгына байланыштуу көптөгөн өлкөлөрдө карантиндик чаралар жана чектөөлөр күчөтүлдү. Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө коронавирус оорусуна чалдыккан адамдардын саны 14 миллионго жетти. Ал эми бул оорудан каза болгондордун саны 500 миңден ашты.


Мындан улам карантиндик чаралар күчөтүлуп, жарандар бир нече кыйынчылыктарга туш болушту. Аралыктан иштөө, убактылуу жумушсуздук, дистанттык окуу жана социалдык контакттын жоктугу аларга психологиялык жактан дагы таасирин тийгизди. Мындан улам Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия учурунда кантип психологиялык ден соолукту сактап калуу боюнча бир катар кеңештерди берди.


1. Жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдарынын кеңештерин угуңуз. Маалыматтарды алдыңкы булактардан гана алыңыз.


2. Бир күндө аткарыла турган иштердин тизмегин түзүп, аны аткарууга аракет кылыңыз.


3. Жаңылыктардын артынан түшүп окууга аз убакыт коротуңуз. Дүрбөлөңгө түшпөңүз. Силерди стресс кыла турган жаңылыктарды окууга кеткен убакытыңызды азайтыңыз.


4. Социалдык контакты сактап калуу маанилүү. Эгерде башкалар менен баарлашууга чектөөлөр болсо, анда интернет же телефон аркылуу досторуңуз, жакындарыңыз менен сүйлөшүңүз.


5.  Спирт ичимдиктерин колдонууну чектеңиз же толугу менен баш тартыңыз. Алкоголду стресс менен күрөшүү катары колдонбоңуз. Спирт ичимдиктери вирустук жана башка инфекциялардан коргобойт;


6. Экран алдында канча убакыт коротуп жатканыңызга көңүл буруңуз. Алардын ортосунда таза аба менен дем алып, мээни сергитүүнү, тыныгуу кылууну унутпаңыз;


7.  Социалдык тармактарды позитивдүү жана оптимисттик маалыматтарды жарыялоо үчүн колдонуңуз. Негативдүү маалыматтар психологиялык жактан терс таасир тийгизерин, организмди алсыздатарын билиңиз;


8. Башкаларга жардам бериңиз. Эгерде сиздин мүмкүнчүлүгүңуз болсо, айланаңыздагы адамдарга кол сунуңуз, муктаждарга жардам бериңиз. Бир гана материалдык эмес, моралдык жардам бериңиз.


9.  Медициналык кызматкерлерди колдоңуз. Онлайн-каналардар аркылуу дарыгерлерге жана пандемияда коронавирус менен күрөшүү иштерине катышып жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдириңиз;


10. Дискриминациядан алыс болуңуз. Мындай кырдаалда сизди коркуу сезими, тынчсыздануу коштойт. Бирок, бул сезимдер аркылуу башка адамдарга зыян келтирип албаңыз;  





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн