Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 23:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Пандемиядагы шалаакылыктарга жооптуу чиновниктер жазаланса, кийинкилерге сабак болобу?

13.01.2021 11:14
563
Пандемиядагы шалаакылыктарга жооптуу чиновниктер жазаланса, кийинкилерге сабак болобу?

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) жетекчиси Сыймык Жапыкеев коронавирус пандемиясына жооптуу болгон аткаминерлердин баары мыйзам алдында жооп бере турганын журналисттерге билдирди. Анын айтымында өткөн жылдагы июль апаатында миңден ашуун адамдын өлүмүнө жооптууларды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул боюнча 12-январда экс-премьер-министр Кубатбек Боронов финполго суракка чакырылганын да маалымдады.


«Ар бирин ирети менен териштирип, баарын тактап жатабыз. Июлда көп киши өлдү, ушуга жооп берсин деп жатабыз. Чолпон-Атада бир үй-бүлөдөн эле төрт киши өлдү. Мурдагы өкмөт башчылар Кубатбек Боронов, Мухаммедкалый Абылгазиев, социалдык блокту караган вице-премьерлер, саламаттыкты сактоо министрлери, баары суракка чакырылат. Керек болсо көбү камалат. Ошол учурда каражат бөлбөй койгон экен, финансы министри да жооп берет», - деди Сыймык Жапыкеев.


Мындан тышкары ошол апаат маалда тез жардам унаасы, жеке коргонуучу каражаттар, дары-дармектердин кымбат баада сатылып алынганы боюнча да териштирүү жүрүп жатканын билдирди.


Ырас, ар бир иштин жоопкерчилиги болушу керек. Коронавирус илдети Кытайдын Ухань шаарында пайда болгону тууралуу, анын коркунучтуулугу 2020-жылдын январь айында эле дүйнө коомчулугуна белгилүү болгон. Андан кийин ал тездик менен Европа өлкөлөрүнө тарап, кесепети өтө оор болуп жатканы да маалымат каражаттары аркылуу бизге жетип турду. Ошондон тарта эле коронавирусту Кыргызстанга киргизбөө, анын жайылышына жол бербөө багытында кыргыз бийлиги иш-аракеттерди, пландарды жасап жаткандай болгон эле.


Тилекке каршы, март айынын аяк ченинде бизде да коронавирусту жугузуп алгандардын алгачкылары катталган. Андан кийин дээрлик эки айга чукул өлкөбүздө карантин болду. Карантин алынып салынгандан бир-бир жарым ай өткөн соң өлкөбүздө чыныгы апаат болуп кетти. 2020-жылдын июль айын азыр көп мекендештерибиз кайгыруу менен эстешет. Күнүнө орточо эсеп менен 30-40 адам коронавирус илдетинен улам каза таап жатты. Дары-дармектердин, жеке коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги ачыкка чыкты. Жадакалса медициналык бет каптар дагы толук камсыздалбаган экен. Жасалма дем алдыруучу аппараттардын жетишсиздигинен көптөгөн өмүрлөр чыркырап учуп кетти. Дарыканаларда дары-дармектердин жетишсиздиги байкалды, ошол эле учурда 3-4 эселеп кымбаттады.



Көрсө, кыргыз өкмөтү пандемияга жетиштүү даярданган эмес экен. Элдин баарын карантинге үйүнө киргизип коюп, жөн эле бир түндө канча адам коменданттык саатты бузганын, канча адам коронавирусту жуктуруп алганын эле эсептеп отургандай болушуптур. Андан көрө жаңы ооруканаларды куруу, дары-дармектердин запасын, медициналык жабдууларды даярдоо багытында жеткиликтүү иш алып баруулары зарыл эле.


Ошол апаат учурунда калкынын санына карата эсептей келгенде адам өлүмү боюнча Кыргызстан биринчи орунга чыкты. Эгерде даярдык жеткиликтүү болгондо мынчалык адам өлүмү болбойт эле. Демек, шалаакылык үчүн ошол убактагы кыргыз өкмөтүндөгү тиешелүү аткаминерлер мыйзам алкагында жооп берүүлөрү керек. Алар экономикалык амнистияга да туш келишпейт. Себеби, Сыймык Жапыкеевдин айтымында бул экономикалык кылмыш эмес. Саясий куугунтук деп айтууга да болбойт. Себеби, алардын шалаакылыгы ачык эле көрүнүп турат. Ар бири өз кызматтык милдеттерин так аткарбаганы үчүн, шалаакылыктарынын айынан миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганына жооп берүүлөрү керек. Алардын мыйзам алдында жооп берүүсү кийинки чиновниктер үчүн сабак болот. Пандемиядан дагы деле толук кутула элекпиз. Дагы деле адам өлүмдөрү катталууда. Буга жооптуу чиновниктер азыр кандай иш алып барып жатышканы да маанилүү. Жогорку мамлекеттик кызматтарга каада күтүш үчүн эмес, элге кызмат кылыш үчүн дайындалыша турганын ар бир чиновник түшүнө тургандай болгондо гана бизде өнүгүү болот.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн