Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Пандемияга каршы каражаттарды сарптоодогу коррупция боюнча айың кептер тарап жатат, - Казакбаев

01.06.2020 17:23
1042
Пандемияга каршы каражаттарды сарптоодогу коррупция боюнча айың кептер тарап жатат, - Казакбаев

 

Эл арасында пандемияга каршы каражаттарды сарптоодогу коррупциялык жагдайлар тууралуу айың кептер тарап жатат. Бул тууралуу депутат Руслан Казакбаев бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу багытында жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек.


Ошондой эле ал илдетке каршы күрөшүү жаатында жумшалып жаткан каражаттардын көлөмүнө кызыкты. Министрликти каржы жаатында ачык-айкын маалымат берип турууга чакырды.


Өз кезегинде өкмөт өкүлү депутаттын суроосуна жооп берип жатып, эл аралык валюталык фонддон 240 млн АКШ доллары келгенин, 9 млн АКШ доллары башка долбоорлордон багытталганын, 15 млн АКШ доллары Бүткүл дүйнөлүк банктан, 20 млн АКШ доллары Азия өнүктүрүү банкынан сунушталганын маалымдады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн