Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Пара талап кылууга шектелип, Сокулук райондук милициясынын 3 кызматкери кармалды

22.07.2021 15:56
492
Пара талап кылууга шектелип, Сокулук райондук милициясынын 3 кызматкери кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, УКМК КР ИИМ түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, 1000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Сокулук РИИБдин кызматкерлери аныкталып, кармалышты.


Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги "А.А.К.", тергөөчү милициянын капитаны "И.А.А." жана райондук ыйгарым укуктуу улук лейтенанты "А.А.М." макулдашышып сотко чейинки өндүрүштү оң тарапка чечип беребиз деп акча талап кылышкан.


Азыркы учурда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык камакка алынып, тиешелүү ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн