Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:01
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Парламент ЕАЭБ менен Ирандын эркин соода тууралуу макулдашуусун ратификациялады

26.06.2024 12:13
141
Парламент ЕАЭБ менен Ирандын эркин соода тууралуу макулдашуусун ратификациялады


Жогорку Кеңеште ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы "Эркин соода жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.


Аталган мыйзам долбоордун максаты 2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербургда кол коюлган макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат. Ага ылайык, импорттук бажы алымы 17 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөйт.


ЕАЭБ жана Иран төмөнкүдөй пайда көрөт:

- Иран менен соода жүргүзүүдө ЕАЭБ тышкы экономикалык ишмердүүлүк товар номенклатурасынын 88 пайызына преференция алат;

- ЕАЭБ менен соодада Иран тышкы экономикалык ишмердүүлүк товар номенклатурасынын 87 пайызына преференция алат;

- ЕАЭБ өлкөлөрүнүн сатуучулары Иран рыногуна продукцияларды жеткирүүдө импорттук бажы алымдарын төлөөдөн жыл сайын 380 миллион долларга чейин үнөмдөй алышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн