Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:09
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Таабалды Тиллаев Бороновду парламентке чакырды

04.06.2020 09:59
1138
Таабалды Тиллаев Бороновду парламентке чакырды

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду отурумга келип, чек ара боюнча акыркы кырдаал тууралуу маалымат берүүсүн сунушташты.


Эл өкүлү Закир Шарапов 31-майда Баткен облусунун Кадамжай ройонундагы Чечме аймагында өзбек-кыргыз чек арасында орун алган жаңжалдын себептери, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен сүйлөшүүсү жана жыйынтыктары тууралуу маалымат берүүсүн сунуштады.


Ушундай эле сунушту депутат Таабалды Тиллаев да колдоп, саат 11ге же 14кө келип, маалымат берүүсү керектигин талап кылды.


Бул сунуш төрага Дастан Жумабеков тарабынан добушка коюлуп, депутаттар тарабынан колдоо тапты. Саат канчада маалымат угулаары тактала турганы айтылды.


Эске салсак, кечээ да бул сунуш Закир Шарапов тарабынан көтөрүлгөн болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн