Жогорку Кеңеш эл өкүлү Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу боюнча депутаттык комиссиянын чечимин карай баштады.
Парламентарийлер маселени жабык эшик артында талкуулоону чечишти.
Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча комментарий берүүдөн баш тартышууда.
Эске салсак, Жогорку Кеңеште “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн