Тогуздун айы 30, 2024
Убакыт: 15:16
USD
85.65
86.15
EUR
92.20
93.20
RUB
0.875
0.915

Парламентте адам аттарын көчө, шаар, айылдарга ыйгарууну чектөө сунушталды

30.10.2024 12:24
18
Парламентте адам аттарын көчө, шаар, айылдарга ыйгарууну чектөө сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев адам аттарын көчө, шаар, айылдарга ыйгарууга мораторий киргизүүнү сунуштады.


Анын айтымында, адам аттарын ыйгаруудан кайтып номерлөөгө өтүү зарыл.


"Бишкек шаарында Кулиев деген көчө бар, байкуш ошол кишини аяйм. Качан көрсөң ушул көчөдө сойкулар кармалды, бычакташты деген кабар чыгат. Кулиев (Кайсын Кулуев — ред.) деген өзү акын, прозаик, журналист, аскердик кабарчы болгон да. Анан качан көрсөң жаман кабарларда аты аталып жүрөт. Айтматов көчөсүндө андай болду деген жакшы эмес. Мындай болбошу керек. Андан көрө көчөлөрдүн номерлерине өтүш керек. Ошого мораторий киргизиңиздер", — деди эл өкүлү.


Жыйында министрлер кабинети тарабынан демилгеленген "Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн