Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пашинян премьер-министрликтин акыркы сааттарында иштеп жатабы?

07.12.2020 10:22
433
Пашинян премьер-министрликтин акыркы сааттарында иштеп жатабы?
Арменияда ишембиде премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган каршылык акциялары өттү. Анда миңдеген адамдар алгач Еревандагы Эркиндик аянтына чогулуп, андан ары Пашинян жашаган өкмөттүк дачага барышты.

Акция учурунда АРФД партиясынын өкүлү Ишхан Сагателян оппозиция Пашинянга отставкага кетүү үчүн 8-декабрга чейин убакыт бергенин билдирди.

"Шейшемби күнү саат 12ге чейин биз Никол Пашинянга убакыт беребиз. Ал саясий командасы, кеңешчилери менен талкуу өткөрүп, отставка боюнча акыркы чечимди кабыл алышы керек. Никол [Пашинян], бул сенин өкмөттүк дачада жашап жаткан акыркы сааттарың болот. Бизде бир гана талап бар – Никол кызматтан кетиши керек, точка!", – деди Ишхан Сагателян.

Оппозиция Тоолуу Карабактагы 44 күндүк согушка байланыштуу кырдаал үчүн Пашинянды күнөөлүү деп эсептейт. Алардын айтымында, эгер премьер отставкага кетпесе, бүткүл өлкө боюнча жарандык баш ийбөөчүлүк акциялары уюштурулат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн