Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 23:16
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Патрулдук милициянын кызматкерлери көчөдөн таап алган 3,5 миң долларды ээсине кайтарып берди

15.12.2020 14:06
2274
Патрулдук милициянын кызматкерлери көчөдөн таап алган 3,5 миң долларды ээсине кайтарып берди

Бишкек ШИИБдин Патрулдук кызматынын кызматкерлери 3,5 миң доллар салынган сумканы таап, ээсине кайтарып беришти.Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.


Маалыматка ылайык, Патрулдук милициянын инспекторлору сумканы 14-декабрда кечки саат алты чамасында Чыгыш автобекетинде көзөмөл жүргүзүп жатып табышкан. Анда 3500 доллар, айдоочулук күбөлүк жана паспорт болгон.


Текшерүүчүлөр токтоп турган таксилерге өздөрүнүн уюлдук телефон номерин жана унаанын номерин калтырып, ээси сураса байланышуусун суранган.


Көп өтпөй ал киши телефон чалып, инспекторлор менен жолугушуп, милициянын офицерлери Тилек Токтогонов менен Төрөбек Турабай уулуна ыраазычылыгын билдирген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Не может быть.Милиция кайтарып бергени кулкулуу.