Кемпир-Абад иши боюнча массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган жарандык активист Перизат Суранова ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу анын адвокаты Жаныш Бараков билдирди.
Анын айтымында, Сурановго операция жасалып, учурда үйүнө чыгарылган.
Белгилей кетсек, Перизат Суранованын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
Суранова ден соолугуна байланыштуу 14-февралда Чүй облустук ооруканасына жеткирилген болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн