Перуда алты күн тынымсыз жүргөн нааразычылыктардан улам мурдагы президент Мерино кызматын таштап кеткен. Анын ордуна Конгресстин депутаты Франсиско Сагасти көпчүлүк депутаттардын добушу менен Перунун убактылуу президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
Сагасти кесиби боюнча инженер. Буга чейин Дүйнөлүк Банктын мүчөсү болуп эмгектенген.
17-ноярда расмий ант ичүү менен президенттик милдетин аткарууга киришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн