Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:24
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

План "Б" бар. Минкаб энергетикалык кризис болгондо кандай чаралар көрүлө турганын түшүндүрдү

19.09.2023 16:46
218
План "Б" бар. Минкаб энергетикалык кризис болгондо кандай чаралар көрүлө турганын түшүндүрдү


Энергетикалык каатчылык болгон учурда министрлер кабинетинде Б планы бар, деп билдирди бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында төраганын орун басары Бакыт Төрөбаев.


Ал электр энергиясын импорттоодо көйгөйлөр жаралса, министрлер кабинети кандай чараларды көрүүнү көздөп жатканын айтты.


«Эгер «А» планы иштебей калса, «Б» планы киргизилет, электр энергиясын импорттоодо маселе жаралса, сууну агызбайбыз. Бишкек Жылуулук электр борборун максималдуу пайдаланабыз. Электр энергиясын өндүрүү көбөйөт, сууну кармап калабыз. 31-декабрга чейин кошумча 98,17 мегаватт ишке киргизебиз. Ар бир кичи ГЭСтен кошумча 100 мегаватт киргизебиз, Токтогул ГЭСинде 60 мегаватт бар, жалпысынан 260-300 мегаватт кошумча ишке киргизилет. Эгерде импортто көйгөй жаралбаса, анда сууну үнөмдөйбүз. Өзбекстан дагы түшүнүп турат, эгер бизге электр жарыгын бербесе, биз жайкысын суу бере албайбыз. Түркмөнстан менен Орусия тараптан эч кандай маселе болбойт”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн