Дүйнөнүн эң бай адамы, ишкер Илон Маск Twitter социалдык тиркемесин сатып алуу боюнча келишим түзүп бүттү. Бул тууралуу BBC кызматы кабарлады.
Маалыматка таянсак, Маск Twitter'ди 44 миллиард долларга сатып алган жана өзү компаниянын башкы директору болуп дайындалган.
BBC өздүк булактарына таянып, компаниянын мурдагы башкы директору Параг Агравал жана каржы директору Нед Сигал компаниядан кеткен. Буга чейин Илон Маск Twitter'ди сатып алгандан кийин 75 пайыз кызматкерин жумуштан бошотору тууралуу маалымат тараган. Аны Маск четке каккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн