Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:05
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Поэзиядагы жаңы муундун музасы

14.04.2024 13:28
817
Поэзиядагы жаңы муундун музасы


Эгемендүүлүктүн келиши менен адабиятта да жаңы турмуш башталды. Коммунисттердин бийлиги кулаган соң цензура жоюлуп, идеологиясы да кан буугандай токтогон. Жаңы бийлик адабиятка космополиттик мамиле жасап, мамлекет акын-жазуучуларга материалдык жагынан кам көргөн, алардын чыгармачылыгына шарт түзгөн жоопкерчилигин өзүнөн толук алып салды. Мамлекеттик басылмалар менен бирге “Ала-Тоо” журналы, “Кыргызстан маданияты” гезити каржылоосу жок калып, жабылды. Анан мамлекеттин адабият менен иши болбой калды дейин десең, негизинен Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаев, Ч.Айтматов, С.Эралиев сыяктуу адабияттын классиктерине берилип келген ардактуу наамдарды 90-жылдары бийлик чачыладай эле таратып, “Эл акыны” деген жогорку наамды Э.Ибраев, Э.Турсунов, Т.Мамеев, Н.Алымбеков сыяктуу ортозаар акындарга, “Эл жазуучусу” наамы Ш.Абдыраманов, М.Тойбаев, З.Сооронбаева, К.Сактанов сыяктуу халтурщик жазуучуларга ыйгарды. Ошо менен кароосуз калган адабият чөйрөсүндө хаос башталды. Жакшы менен жамандын айрымасы болбой, бул аты улук наамды татыктуусу да, татыксызы да ала берип, алардын саны азыркы күндө жүзгө жакындап калды.


Андан бери чейрек кылым өттү. Негизи “кой үстүндө торгой жумурткалаган заман” болсо, отуз жыл үч адабий муундун өсүп жетилишин шарттай турган мезгил аралыгы. Бирок коррупциялашкан бийликтин кесепетинен КМШ өлкөлөрүнөн өнүгүү жагынан артта калып, мамлекеттик төңкөрүштөрү менен дүйнөгө атагы чыккан, экономикалык, каржылык туңгуюктан башы чыкпаган Кыргызстандын шартында адабий муундун калыптанышы кыйынга турду. Ошентсе да адабиятка мамлекет тарабынан аз-аздап көңүл бурулуп, тил комиссиясы, “Кыргызпатент” тарабынан аз болсо да китептер чыгарылып, акыркы жылдарда жеке жана юридикалык тараптар сүрөөнгө алып, кам көрүлө баштады. Экс-президент “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду он беш акындын поэзия кечелерин өткөрүп, ага жүздөн ашык акындар катышкан. Акындарга А.Осмонов, Б.Сарногоев, Ж.Мамытов, Ж.Абдыкалыков, Т.Муканов, Ч.Турсунбеков, З.Ажыматов атындагы сыйлыктар ыйгарылып жатат. Бул кайсы бир деңгээлде адабий процесске оң таасирин тийгизип, жаш акындардын чыгармачылыгына жакшы эле мотивация эмеспи.


Постсоветтик мезгилдеги жаштар поэзиясында тематикалык жаңылануу болду. Ал эми көркөмдүк-идеялык, жанрдык, стилдик чектери кеңейди деп айтыш кыйын. Алтургай жардылана түшкөндөй да сезилет. Анткени азыркы поэзияда сатира жанры жоголду, дегеле тамсил жазган киши жок, поэма жанрында да изденген авторлор көрүнбөйт. Жаштар поэзиясы граждандык лирикага, анан албетте, арзуу лирикасынан күчүн чыгарып жаткан кез. Дегеле постсоветтик мезгилде адабияттын астанасын аттаган авторлор тууралуу бир бүтүмгө келиш кыйын. Анткени алардын поэтикалык изденүүлөрүндө бир багыт, же бир мүнөздүү көрүнүштөр, тенденциялар байкалбайт. Бир нукка түшпөгөн адабий турмушта алардын чыгарган “тырмак алды” китептеринен кийин эле акын деген ардактуу наамга ээ болушат. Мурдагы заманда жаштардын чыгармачылыгы пионер гезитинен башталып, андан ары жаштар гезитинен улантылып келген. Ошол гезиттердин адабий кызматкерлери жаш талапкерлердин алгачкы сынчылары болуп, алардын ийгилик-кемчиликтерин көрсөтүп, кеп-кеңештерин бере турган. Ошон үчүн таланттуу акын Аман Токтогулов “университетте окуп жүргөндө дүйнөдөгү эң бактылуу адам катары мен “Ленинчил жаштын” адабий кызматкери Нурпаис Жаркынбаевди эсептечүмүн. Себеби, биздин ырларга “жарайт же жарабайт” деген бааны мына ошо киши берчү”. (“Кыргызстан маданияты”,
 13.09.1990) деп өзү башынан өткөргөн жаш акын кезин эскерип жатпайбы. Андан кийин “Учкун”, “Жалын” сыяктуу альманахтарга чыккан соң, анан жаш акын торолуп, калеми төшөлүп калганда “Жаштар үнү” сериясынан жупкадай китепчеси чыгып, жаш автордун ырлары бир сыйра электен өтүп, “саман-топонунан” арылгандан кийин гана окурмандын колуна тийе турган. Андан кийин үч-төрт китеби чыгып, адабий жыйын, пленумдарда сөзгө алынып, китеби талкууланып, Жазуучулар союзуна мүчө болгон соң калемгер “жаш” деген эпитеттен кутулуп, акын аталып, адабияттын кан жолуна түшө турган. Бул бери дегенде он-он беш жыл убакытты алчу. Азыр “жаш” деген эпитет ыр жазгандарга карата колдонулбай калды, гезитке же интернет желесине биринчи ырын жарыялаган автор да өзүн “акын” деп тааныштырат. Иши кылып, азыркы жаш акындардын чыгармачылык жолу “калыптануу”, “жетилүү” деген процесстерди кыйгап өтүп, баары эле асмандан даяр акын болуп түшө калгандай “мас кыялында” жүрүшөт.


Азыркы авторлор сыясы кургай элек ырларын интернетке жайгаштырып, поэзиянын ак-карасын ажырата албаган чаласабат окурмандардын куттуктоолоруна маашыркап, күндө бир маал мактоо укпаса башы ооруй турган акындар пайда болду. Мындай калемгер өзүн поэзиянын бир жагын чойгон чыгаан акын катары сезип, дагы жаңы “ачылыштарды” жасайм деген жалган иллюзия, куру дымак менен жашап, коомчулукта жасалма каада күткөнү менен анын “күлүгү” топтон алдыга суурулуп чыга албай көптүн арасында чаңга аралашып келатканы менен иши жоктой...


Азыркы учурда баш сөзсүз ыр китеп чыкпай калган, жаш авторго ак жол каалап, мактоого тундуруп, “бата” берүү модага айланды. Жалаң жылуу сөз айтып, көтөрө чалып мактаган чолок рецензиялар да көбөйдү. Бирок жаш автордун ырларындагы оркойгон кемчиликтерди, эпигончулуктан өйдө көтөрүлө албай жаткан бечелдигин айтайын деген ниет эч кимде жок. Демократиянын, сөз эркиндигинин заманында калыстык көмүскөдө калып, калпты чындай, аксакты тыңдай кылган көз боёмочулук күчөп турган кез. Болбосо, бир кезде поэма жанрын жаңы деңгээлге көтөргөн, поэзияда чоң жаңылык, этаптык чыгарма болгон С.Эралиевдин “Ак Мөөр” поэмасынын көркөм-эстетикалык табиятын кылдат талдап ачып берүү менен бирге чебер сынчы К.Укаев кемчиликтерин да көзгө сайып көрсөтүп берген эмеспи. К.Укаев классикага айланган бул макаласында ортозаар чыгармаларды бир беткей мактаган рецензенттерге окшоп субъективизмге, меркантилизмге берилбей, чындыкты туу тутуп, принципиалдуу позициясынан тайбай, поэзияга нукура искусствонун таламынан мамиле кылган. Азыр болсо адабиятта жагымпоз сындын арааны жүрүп, авторлорго чындыкты айтканга караганда, бир жактуу мактоолор көп болуп, адабий сынга кара кылды как жарган калыстык жетишпей жатканы ырас. 


Эми ошол макталып жаткан жаштар поэзиясында эски канондорду бузуп, көркөм-эстетикалык салттардын жаңыланышы, жаңы сапаттык белгилердин пайда болушу сыяктуу көрүнүштөр болдубу? Окуя болчу ыр китеп же бир көзгө толумдуу эмне бар? Сан жагынан алганда азыркы учурда жүздөн ашык жаш авторлор китептерин чыгарып, интернетке, гезиттерге, “Кыргызпатент” чыгарган “Саамалык” альманахына ырларын байма-бай жарыялап келатышат. Мезгил бир ордунда турбайт эмеспи, биз “жаш” деп жаткан муундун улуулары эр ортонуна келип, 25-30 жылдан бери чыгармачылык менен алпурушуп жүрүшсө, кичүүлөрү отуздан ооп, кырктын кырына келип, он беш-жыйырма жылдан бери чыгармачылыктын казанында кайнап келаткан авторлор. Жетилиши узакка созулган бул муундун жашы жана чыгармачылык тажрыйбасы жагынан улуусу Ж.Касаболотов. Анын алгачкы ырлары 90-жылдардын башында эле жарык көрө баштаган. Андан кийин З.Ажыматов, Н.Калыбеков, А.Эгембердиева, М.Алымбаев, А.Исмаилов, Н.Осмонова, А.Бакирова, М.Молдалиева, Ж.Жамангулова, К.Жакыпова, К.Жакыбалиев, Н.Өмүрбаева, М.Касейинова, Г.Мыйзамбекова, Ж.Турсунбаев, А.Кубанычбеков, Б.Жамгырчиев, М.Алтымыш уулу, М.Жангазиев сыяктуу окурман журтуна таанылып калган акындардын чыгармачылык тушоолору кесилди. 


Постсоветтик мезгилдеги демократиянын шарданы менен массалык маалымат каражаттары жана маалыматтык технологиялар аркылуу зордук-зомбулукту, залимдикти, бузулган жашоо-турмушту, ыймандан куржалак калган абийирсиздикти, ата-жотосун тааныбаган маңкуртчулукту, наадандыкты, карөзгөйлүктү даңазалаган чет элдик фильмдерди, картиналарды, клиптерди кеңири жайылткан массалык маданияттын ташкыны каптап, Кудайдан жөө качкан ар кандай диний секталардын идеологиясы ээн-эркин жойлогон, мурда аздектеп келген баалуулуктар кыйрап, Батыштын дөөлөттөрү басымдуулук кылган, идеялык жана моралдык ориентирлер алмашкан, массанын руханий дүйнөсү жардыланган, ушундай чакчелекей, кымгуут, “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп жаткан мезгилде поэзияда жаңы муун өсүп чыкты. Бул алардын чыгармачылыгына кайсы бир деңгээлде тескери таасирин тийгизгени ырларынан көрүнүп турат. Жаш акындар ушундай башаламан заманда коомдо толгоосу жеткен көйгөйлөргө реакция кылып, граждандык лирика багытында изденип келатышат. “Мен кыргыз!” деп кыйкырып, төшүн кагып, даңазалуу ата-бабалардын урпактары экенин жар салган, кыйынчылыктан элди-жерди жомоктогудай баатыр келип куткарарын күткөн, туталанган, куру намыстан башы жарылайын деген авторлор четтен чыкса, эне тилдин көйгөйлөрүн көбүртүп декларациялаган ырлар мындан да көп. Жаштар поэзиясынын талуу жерине айланган мындай “балалык оору” менен оорубаган жаш авторду табыш азыр кыйын. Ошон үчүн кезинде Зайырбек Ажыматов: 


 Иргелбеген чар саптарга илээшип, 
 Илкип араң келатабыз, курдаштар, - деп калемдештерине бекеринен кайрылган эмес да. Анын сыңарындай, Эрлан Жумагазиев:


Айкөлү жок тентигенди жыйнаган,
Ата журттан бозуп жүрөт кыйла жан.
Ал ансайын казынаңды эңшерет,
Ачкөз бийлик калктын муңун туйбаган, - деп (Э.Жумагазиев “Машакат өмүр”, 2017) жазса, Назгүл Осмонова:


Калкым десе даяр турган казатка,
кабылан мүнөз азаматың каякта?
Араңарда жокпу кыраан Каныкей,
кыйчалышта тээк болгон Манаска? - деп (Н.Осмонова “Чаалыккан кыялдар”, 2014) риторикалык суроо таштап, бештен белгилүү чындыктарды чүргөсө, ырдала берип куну кеткен, көп кайталанып тамтыгы чыккан мындай мотивдер М.Алымбаев, Ж.Турсунбаев, Б.Жамгырчиев, М.Алтымыш уулу, М.Жангазиевдердин ырларында да кезигет. Ошол 90-жылдарда элибиз башынан кечирген кыйынчылыктарды Ж.Касаболотов да жазган: 


Кайраным кыргыз кем болду.
Казакка көбү жем болду.
Ордунан оогон оштуктар
Оруска барып эл болду, - деп (Ж.Касаболотов “Самурай кылыч – жүрөгүм”, 2008, 53-б.) желдирип, ушул эле мотив вариацияланып, аны Ж.Касаболотов 40 сапка чейин жеткирген. Минтип “төгүп” миң сапка деле жеткирсе болот го, бирок бул ыр эмес, ырдын “суррогаты”. Ырда образ эмес, үстүрт сыпаттоо менен салкын маанайда кынапталган сөз тизмеги гана бар. Ырдын мазмунунда логикалык чаташуу болгондуктан “оштуктар” орду-түбү менен оруска кошулуп кетти (!) дегендей маани берип калган. Чындыгында Оштун жери да, эли да ордунда эле турат, ал эми бир жарым миллион мигрант жети дубандын баардыганан кеткендиги факт. Ыр “Күйгөндөн айтам бир сабак” деп аталат. Сөзгө маани берген киши окуса, адегенде бул ыр махабат жөнүндө турбайбы, сүйгөнүнө жетпей калган лирикалык каарман күйгөндөн айтып боздосо керек деген ойго келет. Анткени “Күйгөн – кыргыздын оозеки адабий музыкалык ашыктык, сүйүү, лирикалык ырларынын бир түрү. Күйгөн ырларында бозойдун, селкинин сүйгөнүнө жетпей арманда калган кусасы, өкүнүчү, ички муң-зары муңканган обондо ырдалган”. (Б.Алагушев “Кыргыз музыкасы”, Б.: 2002), “Бир сабак” деген сөз айкашы “ырдан үзүндү” дегенди билдирет, демек, “Күйгөндөн айтам бир сабак” деген сүйлөмдү азыркы тилге “которгондо” “Сүйүү ырынан бир үзүндү айтайын” деген эле маанини берет, мында турмуштук проблема тууралуу ишарат да жок. Ж.Касаболотов болсо “күйгөндүн” маанисин теңирден тескери бурмалап, күнүмдүк жашоодогу көйгөйлөрдөн көңүлү кайт болуп, “түтөп” күйгөнүн айтып, анысын Шаршенче кайталап, вариациялай берген. Анын “Жол буугандарга” деген ырында бийликке нааразылык көрсөтүп, жол тоскондордун жаман жактарын өткөн тарыхтагы нарктуу салттарга салыштырып келип:


Жарандар эй, жарандар, токтогула, 
Жашообузга жаман салт кошпогула.
Кызмат үчүн кырылып кетсеңер да,
Кыргызымдын кан жолун тоспогула! - деп чакырык таштайт. Супсак дидактикага сугарылган, учкул канатынан айрылган бул ыр ушул куру дымактуу чакырык үчүн жазылган. Ырдын предмети – жол тосуп, толкуган эл. Алар акынга бөлөк-бөтөн эмес, Нарында, Ысык-Көлдө же Ошто жолду бууп, бийликке нааразылык акциясына чыккан улутташтары. Автор алардын мыйзамсыз аракеттерин колдобойт, анысы туура, бирок “кызмат үчүн кырылып кетсеңер да” деп, аларды өлүмгө кыйып, кыбасы кангыдай же жаны кашайгыдай эмне болду? Антейин десең “Кыргызымдын кан жолун тоспогула” деп кийинки сапта логикалык ката кетирип, сөзгө чалынып, кыргызга күйүмүш болот. Автордун амбиваленттүү ою боюнча кыргыздын жолу маанилүү экен да, ал эми көйгөйдү чечиш үчүн көтөрүлүп, жемкор бийликке нааразылыгын билдирип, же адашып, же алданып жол тоскон ошол эле жарандар ага жат экен, ошон үчүн кан жолду буугандарга сыртын салып, алардын өмүрүн сокур тыйынча көрбөй, “кырылып кетсеңер да” деп кайдыгер карап, нарцисстик сезимдери козголуп жатса керек. Мындай ташбоор, мерездик кайдан чыкты? Дегеле акындын назик, сезимтал жүрөгү ушундай карөзгөйлүккө жол бериши мүмкүнбү? Жок, мүмкүн эмес. Бул жасалма саптардын артында автордун бийликке жан тартып, көшөкөрлөнгөн ниети “булайып” чыгып турбайбы. Автордун ошол жеке кызыкчылыгы элди жеритип, ага карата осол сөздү айттырып жатат. Анан калса, жашоого, адамга сүйүү жок жерде нукура поэзия жаралбайт. Табиятынан нагыз акындын жандүйнөсүндө боорукерлик, айкөлдүк, адамдын амандыгын тилеген гуманизм уюп жатат. Ошон үчүн Алыкул:


Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда:
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей ичирер элем адамга, - деп чын пейилинен адам баласына кам көрүп, ал үчүн эң кымбат болгон өмүрдүн маңызын терең ачып берген. Алыкулдун гуманизми – элин, жерин жана адам баласын чындап сүйгөндүгүндө. Ошон үчүн чулу философиялык ойлорго ширелген бул ыр “Адамзат” деп аталат. 


Жол тосуп жабыгып турган карапайым элге суукуйду, жемкор, шылуун саясатчы кыянаттык кылышы мүмкүн, асты акын элди жамандыкка кыйбайт. Ушундай жагдайда автордун элге кылапат айтып турушу жалган пафоско ширелген жасалма, кургак ыр саптарынын токулушун шарттаган. “Кашаң интернет” деген ыры да куру кыйкырык, поэзиянын кыпыны жок көрүнүштү деле өзүн зордоп:


Ачпасаң бетиң буруп сал!
Ал тургай зымың жулуп сал!
Маалкатып жанды кашайттың,
Мага десең жылбай туруп кал!
Темирден көрдүм кордукту,
Техника болбой куруп кал... - деп жаңы замандын “каргышын” айтып наалып, желдирип, уйкаштырат. “Кайрык”, “Көңдөй тагдыр” аттуу ырларында табалоо мотиви орун алган. Чет жерде сапарда жүрүп жазган ырларында да эл-жериндеги көйгөлөр мотиви кайталанат. “Теңирге” аттуу ырында: 


Кылычым колдон түшсө жаңысын бер.
Кыр ашкан баатырлардын далысын бер, - деген сыяктуу элдик ырлардын мотивиндеги “тилектер” вариацияланып отуруп 48 сапка жеткен. Ал эми акындын арзуу лирикасында: 


Кусалантып улам эңсеткен,
Кумар элең дайым көксөткөн, - деген миң кайталанган эски кайрыктар менен автор көбүрүп-жабырып, эзиле берет. 2010-жылдагы 7-апрель тууралуу “Эрте кеткен турналар” (же “Кечиккен репортаж”) деген ырында авторитардык бийликке каршы чыккан жигиттер курман болгон аянттагы окуяны үстүртөн сыпаттап, “өч алынбай калабы?” деп өкүтүн билдирип, окко учкан азаматтарды “Турналар, эрте кеткен турналарым” деп турналарга айлантып, анан эле кокустан:


Бир күнү менин да күнүм бүтүп калат.
Бир азга көч токтолуп күтүп калат.
Акыры араңарга кошулганы
Арбагым артыңардан учуп барат, - деп жыйынтыктайт. Ж.Касаболотов “Кечиккен репортаж” деп аянттагы окуяны баяндап келип, окко учкан жигиттердин трагедиялуу образын өз алдынча жаратуунун ордуна даяр калыпка салып, Р.Гамзатовду “жардамга” чакырып, атактуу “Турналарды” түз эле кайталаган. Бул эпигончулуктун кашкайган үлгүсү. Ал эми “Кайрылуу” деген ырында:


Алпкаракуш шилтеген канат болгун,
Артыңдагы балдарга сабак болгун.
Арбактарга милдетиң арта бербей
Алың жетсе ар бириң Манас болгун! - деп курбалдаштарына акыл айтып, тайыз дидактикадан өйдө көтөрүлө алган эмес. Ушул мисалдардан автордун өз алдынча стили, поэтикалык “мени” калыптанбагандыгы айкын көрүнөт. Акын али индивидуалдуу ой жүгүртүү деңгээлине көтөрүлгөн эмес, даяр калыптардын негизинде ой жүгүртөт. Автордун ошол карандай акылга салып жазган ырларында эмоция, агынан жарылган чынчылдык, күйүп-жанган эргүү жетишпейт. Ошон үчүн автордун идея, образ жагынан аксаган, эстетикалык ырахат тартуулай албаган, көк канат ырларындагы табалоо, өч алуу, элге бой көтөрүү мотивдери кургак декларация, жалган пафос менен кештелген. Автордо албетте, акындык шык-жөндөм бар, бирок адабиятта өз сөзүн айтыш үчүн жалаң кара талантка таянуу аздык кылат. Чыгармачылыктын азап-тозоктуу жолунда “калыптануу”, “жетилүү” деген бийиктиктерди багындыруу, кайталангыс образдарды жаратыш үчүн айрым бир турмуш көрүнүштөрүнө же окуяларга реакциясын стереотиптерге салып жазуу жетишсиз. Ошон үчүн В.Г.Белинский чыгармачылыктын табияты тууралуу “Творчество – не забава, и художественное произведение – не плод досуга или прихоти; оно стоит художнику труда... И потому, если поэт решится на труд и подвиг творчества, значит, что его к этому движет; стремит какая-то могучая сила, какая-то непобедимая страсть. Эта сила, эта страсть – пафос...”. (Белинский В.Г. Избранные статьи. – М.: 1978, стр.127) деп жазган. 


Ал эми Ж.Турсунбаевдин “Дил чабыт” (2013) ырлар жыйнагында да граждандык лирика басымдуулук кылат. “Ата-Журтум” деген ырында:


Ата-Журтум сезип турам муңуңду,
Абийир төгүп, түшүрдүк го тууңду, - деп мекенинин кыйын абалда турганын, уулдары уят кылып жатканын айтат да кайра:


Сенде жашап, сага кылып кыянат,
Соолуттукпу жүзүңдөгү нуруңду? - деп суроо таштайт. Ушундай кыйын учурда Манас баш болгон мыкты уулдарынын жетишпей жатканын 12 сапта санап өтөт да, карайлап, кризиске белчесинен баткан мекенине жардам бере албай “Карбаластайм, көзүм туман, башым маң...” деп кейип-кепчийт. Андан ары ата-журтка “кылдай кызмат аткарууга жарабай” жүргөнүн, Ата Мекенин ким кейитсе чөгөлөп кечирим сурай турганын жар салат. Жалган пафоско ширелген бул ыр негизинен жалаң декларациялардан турат. Автордун кыйынчылыкка кабылган мекенине боор толгоосу да, куру убадалары да, кечирим сураганы да чындыкка коошпойт. “Кайыр заман” деген ырында автор замандын сүрөтүн сырткы белгилери аркылуу тарткысы келет, көчөдөгү таштандыларды аңтарган кайырчы, тилемчилерди санап, алардын аракеттерин сырттан байкап, терип-тепчип, тизмелейт. Ошон үчүн ал “челектерден оокат издеп жүргөн” аксакалды “ал кургур”, баласы менен кайыр сураган аялды “алсыз неме”, кайыр сураган баланы “бул шордуу”, майыптарды “байкуштар” деп сыпаттап, карып болуп, мүңкүрөп турган мискиндерден бийиксинет. “Сыр бербей жылып заман кайда барат?” деп суроо таштап жыйынтык чыгарат. Ушул заман мотиви автордун башка ырларында да көп кайталанат, бирок андан бир философиялык бүтүм чыгара албагандыктан, бул түшүнүксүз суроо автор үчүн дежурный саптарга айланган. Акындын бул ыры карандай натурализм, терең идея, жандуу образдан куржалак калган, анан да турмушта көргөнүн көргөндөй, болгонун болгондой көчүрүүдөн поэзия жаралбайт эмеспи. 


“Адашкан эл болбойлу”, “Көйгөй”, “Мен кыргызмын”, “Чемичкечи аксакал”, “Кем дүйнө”, “Жаралуу сезимдер”, “Көчөдө балдар жүрөт”, “Кыз адеби кымбат”, “Ажырашуу”, “Арзан сүйүү” аттуу ырларында да коомдогу терс көрүнүштөрдү үстүртөн сыпаттайт, бул ырлар гезиттеги маалыматтардай эле канатсыз, көйгөйдүн маңызын ачып бере албайт, ырдын предметине карата эстетикалык мамиле, индивидуалдуу өзгөчөлүк жок, жалпы сөз. 


“Колунда бар көпөстөр жыргап жатат, 
Кедейлерди көроокат чырмап жатат, - деген сыяктуу кургак маалыматтардан турган поэзиянын объекти менен автордун ортосунда эч кандай ички байланыш жок. Автордун мындай жалпы сөздөн турган сыпаттоолорунда ошол “көпөстөргө” карата бир жек көрүү сезими, же адалдан түгү жок азап чеккен жардыга боор толгогону, руханий туңгуюкка жутулуп бараткан коомго ичи ачышып, кабыргасы кайышып, кейигени да сезилбейт. Анткени автор белгилүү чындыктарды кайталап жатат, ошон үчүн ага баары бир. Бул ырларда башына кыйынчылык түшүп, мөгдүрөп кыйналып, мусапыр болуп турган элдин үнү угулбайт, кыйналган азаптуу, коогалуу жашоосу көрүнбөйт, элди алдап эсирген, менменсиген, карөзгөй жемкорлордун жандуу элеси көз алдыга тартылбайт. Коомдогу кайырчы, тилемчи, селсаяктар, сойкулар, кызыл камчы төбөлдөр, алкы бузук жемкорлор, мансапкорлор, улут безерлер, маңкурттар, байлыгына манчыркаган наадан ишкерлер, ууру-кески шумпайлар, кылмышкерлер, сакалчан кожо-молдолор, аялдарчасынан узун этек көйнөк кийген динчилдер, соцжеледе ар кимдин камчысын чапкан троллдор публицистикалык ырлардын жаңы каармандары, аларга байланышкан окуялар да поэзия үчүн жаңы көрүнүштөр, турмуштун жаңы кырлары, чечилбеген сырлары. Бирок аларга карата автордун өз алдынча мамилеси, дегеле коомго, турмушка карата автордун терең ишеними иштелип чыккан эмес, көз карашы калыптана элек. Турмуштун бороз салына элек ушундай жаңы материалдарын жаңы формада чагылдырууга, жаңы образдарды жаратууга акындардын көркөм тажрыйбасы, чыгармачылык шаасы жетпей жатат окшойт.


Акыркы жылдары арзуу лирикасынын “жаңы” кырлары ачыла баштады. Айрым авторлор сүйүүнүн ырахатын дене кумары катары сүрөттөөнү өзүнчө бир “чеберчилик” катары көрүшөт окшойт. Ж.Турсунбаев:


Кош алмаңа дене боюм тиреше,
Коомай колдор чачтарыңды жиресе.
Ак мойнуңдан жыттап тансам эсимден,
Азыркыдан бактым ашмак миң эсе...
же: Кучактап бир соруп алсам... Бах чиркин...
Кеткичекти эриндериң көгөрүп! - (Ж.Турсунбаев “Дил чабыт”) деп махабаттын эстен тандырган күчүн “биологиялык” призмадан көрсөтүп, ашыгын кармалап көрмөйүнчө моокуму канбаган лирикалык каарманды огеле берилип, эзилип, шилекейин агызып сүрөттөгөн экен. 
(Уландысы кийинки санда)


Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты


Булак: "Азия Ньюс гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн