Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Помидордун кандай пайдасы бар? Бүгүн колдонуңуз!

11.09.2023 10:53
347
Помидордун кандай пайдасы бар? Бүгүн колдонуңуз!


Помидор ашказан жарасына жана он эки эли ичеги ооруларына каршы туруучу жакшы каражат. Ал үчүн 15 күн бою күнүнө 3 жолу тамактан кийин помидордун жаңы сыгылган ширесин (100 гр.) туз кошпой ичесиз. Дарылоону 10 күндүк тыныгуудан соң дагы бир ирет кайталоо зарыл.

***

Муну өттөгү таштарды эритүү үчүн да колдонсо болот. 200 гр. жакшы бышкан ашкабактын маңызына бир аз каймак май кошуп, аралаштырып, ал массаны жаңы сыгылган жана бир аз туз кошулган помидор ширесине (400 гр.) кошуп, бири-бирине сиңире аралаштырасыз. Муну бир жума бою күнүнө 2 жолу тамактануудан жарым саат өткөндөн кийин бир стакандан ичүү керек. Анан бир жумалык тыныгуу, кайра бир жумалык дарылануу кылып отуруп, бул ыкманы 3 ай дегенде токтотосуз. Бирок, өтүндө ташы бар адамдарга помидордун өзүн жегенге болбойт.

***

Күйүктү тезирээк калыбына келтирүүдө да помидор натыйжалуу жардам берет. Бул үчүн стаканга жарымына жетпегидей өлчөмдө помидор ширесин куюп, ага бир жумуртканын агын аралаштыруу кажет. Массаны күйгөн жерге былчылдата сыйпап туруп, үстүн кургаганча таза целлофан, бинт менен таңып коёсуз. Француздар помидорду “сүйүү алмасы” деп аташат. Себеби, ал жыныс бездеринин активдүү иштөөсүнө жана эркектин потенциясын көтөрүүчү сапатка ээ экен. Мындайды каалаган шартта помидорду сарымсак, болгар калемпири, май, туз, аджико жана жумуртка менен бирге дымдап жесеңиз болот.

***

Жөтөл башталган учурда аны токтотом десеңиз, жакшы бышкан помидорлорду жана ага ылайык өлчөмдөгү сарымсакты, хренди эт туурагычтан өткөрүп, булардын аралашмасынан тамакка чейин бир аш кашыктан 3 маал ичесиз. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн