Бугу 07, 2024
Убакыт: 18:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Премьер-министр: Балдарды муздак мектептерге алып барып алып, оорутуп албашыбыз керек

01.10.2020 16:54
1290
Премьер-министр: Балдарды муздак мектептерге алып барып алып, оорутуп албашыбыз керек


Окуу процессин баштаардагы дагы бир чоң маселе – кышка даярдык маселеси турат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 1-октябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, эгерде мектеп суук болсо, анда ошол аймакта азырынча окууну баштабай турса болот


"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды кышка карата жылытуу маселелерин азыртадан баштап толук камсыздоо боюнча катуу тапшырмалар берилди. Аба ырайы сууктап кетсе, балдарды муздак мектептерге алып барып алып, оорутуп албаш үчүн – керекпи эртелеп от жагып жылытууга туура келет, азыртадан терезелерди жылуулоо иштерин жүргүзүү зарыл. Ошондуктан ар бир аймактын – облустун жетекчилери бул жагын карап, кайсы мектептерде окууну баштоого уруксат берет, аны өздөрү чечиши зарыл. Мектептерде жылуулук жагы толук камсыз болууга тийиш. Эскертерим, балдарыбыз муздак мектептерге кирбеши керек!”, - деп билдирди Кубатбек Боронов. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн