Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Премьер-министр Россиядагы көпүрөнүн кулашынан улам жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды

28.09.2020 09:45
570
Премьер-министр Россиядагы көпүрөнүн кулашынан улам жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москва облусунун (РФ) Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, анын кесепетинен жаракат алган кыргыздарга жардам берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, К.Боронов элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктын кесепетинен жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүү, аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. 

Ошондой эле жаракат алган мекендештердин дарылануусун Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи.

Муну менен катар  кырсыктын келип чыгуу себебин иликтенген Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып туруу жана алар  менен биргеликте иш жүргүзүү тапшырмасын берди. 

Буга чейин Москва облусунда жайгашкан ишканада жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө кулап, Кыргызстандын 49 жараны жабыркаганы маалымдалган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн