Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 20:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Премьер-министр: “Санариптик платформа – республика боюнча пландаштыруунун бирдиктүү санариптик картасын түзүп чыгууга мүмкүндүк берет”

28.01.2020 17:19
731
Премьер-министр: “Санариптик платформа – республика боюнча пландаштыруунун бирдиктүү санариптик картасын түзүп чыгууга мүмкүндүк берет”


 Өкмөт санариптештирүү маселесине өзгөчө маани берет, себеби бул мезгилдин гана талабы эмес, бул заманбап дүйнөгө кеңири жол”, - деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында.

     

Анын айтымында, эгер азыр санариптештирүү процессине жакшы көңүл буруп, мамлекеттик жана муниципалык кызматтарды электрондук форматка өткөрбөсөк, эртең өнүккөн мамлекеттер менен гана эмес, биздин өнөктөштөр менен дагы кызматташа албай калабыз.

Жыйында маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев аткарылып жаткан иштер тууралуу, санариптештирүүнүн жол картасынын аткарылышы жөнүндө маалымат берип, 2020-жылы мамлекеттик жана муниципалык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, «Коопсуз шаар» долбоорунун аткарылышы улантылып, киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоону жакшыртып, электрондук саламаттык сактоо системасын жана дагы бир катар маселердин үстүндө иш жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Ошол эле учурда өкмөт башчы айрым жетекчилер санариптештирүү маселесине жакшы көңүл бурбай жатканын белгиледи.

«2020-жылдын 1-октябрынан тартып бардык айыл өкмөттөрүн санариптик платформага өткөрүүнү камсыздап, «Санарип аймак» долбоорун масштабдуу ишке киргизебиз. Саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык өнүгүү объекттеринин 80% интернет менен камсыздалат. Бирдиктүү санариптик платформаны түзүү келечекте бүт республика боюнча пландаштыруунун бирдиктүү санариптик картасын түзүп чыгууга мүмкүндүк берет”, – деди премьер-министр.

 Ал ошондой эле аймактык санарип инфраструктураны, санарип экономикага шарт түзө турган компоненти бар «Digital Casa - Кыргызстан» долбоорун ишке ашырууну эске салды.

«Бул долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк 50 млн доллар берүүдө, анын жарымы кредит болсо, экинчи жарымы грант. Долбоордо мамлекеттик жана муниципалык кызматкерлерди, айыл өкмөттөрдүн жана райондук администрациялардын кызматкерлерин окутуу тууралуу компонент бар», – деди премьер-министр. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн