Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Премьер-министр: Жаңы жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын даярдыгын жеке көзөмөлгө алам

15.09.2020 14:48
851
Премьер-министр: Жаңы жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын даярдыгын жеке көзөмөлгө алам


Жаңы жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын даярдыгын, ошондой эле курулуш жана оңдоо иштеринин сапатын жеке көзөмөлгө алам. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 

«Бизге берилген отчеттор боюнча бардыгы жакшы. Чындыгында абал баяндамаларда көрсөтүлгөндөгүдөн башкачараак. Мен ар бир курулган жана профилин өзгөрткөн ооруканаларга барып, иш жүзүндө кандай иштер аткарылгандыгын көрүүнү инеттенүүдөмүн. Көрсөтүлгөн медициналык мекемелерге, биринчи кезекте, оору күч алып турган мезгилде жетишпеген медициналык жабдуулар менен камсыздоо керек. Бул өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, рентген-аппараттар, компьютердик томография аппараттары, абаны айлантуучу жабдыктар. Алардын сатылып алынышын жана медициналык мекемелер арасында туура бөлүштүрүлүшүн контролдоо зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы медициналык тез жардам борборлорун тез жардам унаалары менен камсыздоо маанилүүлүгүн белгиледи. 

«Пандемия күчөгөн маалда негизги көйгөй катары тез жардам унааларынын жана бригадалардын жетишсиздиги болду. Тактап айтканда, калктын көп бөлүгү жашаган Бишкек шаарын болгону 38 тез жардам унаасы тейледи. Бул абдан аз. Июнь айына карата 20 жакын унааны жана мобилдик бригаданы коштук. Абал жакшырган жок. Көптөгөн чакыруулар жоопсуз калып, же медиктер чакырууга кечигип келип жатты. Ошондуктан шаар жана айылдарыбызды жетиштүү тез жардам унаалары менен камсыздоо маанилүү», - деп белгиледи премьер-министр.  

Саламаттык сактоо министрлигинин малыматына ылайык, жыл аягына чейин эл аралык донорлордун долбоору боюнча өлкөгө 115 ашуун тез жардам унаасы алынып келинет, алар аймактарга да бөлүнөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн