Бугу 08, 2024
Убакыт: 08:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

К.Боронов шайлоо алдында саясий партияларга кайрылды

01.10.2020 15:36
957
К.Боронов шайлоо алдында саясий партияларга кайрылды


Биз 4-октябрда боло турган шайлоого даярбыз. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 1-октябрдагы брифингде билдирди. 


"Шайлоо жакындап калганына байланыштуу саясий партияларга жана жарандарга кайрылууну туура көрдүм. Мен ойлойм, ар бир жаран өзүнүн жарандык милдетин аткарып, шайлоого катышып, добушун өзү тандаган партияга берет деп ишенем! Учурдан пайдаланып, шайлоочуларга, партияларга шайлоону өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү кызматкерлерге санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого чакырабыз. Биз үчүн баарынан кымбаты – ар бир жарандын ден соолугу.


4-октябрдан кийин партиялар бири-бириңиздерге өз ара сый-урмат менен мамиле жасап, коомду дүрбөлөңгө салбай, шайлоонун жыйынтыгын таанууда саясий эрктүүлүктү көрсөтүүгө чакырам", - деди Боронов. 


Ошондой эле, ал Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыгып бекитилгенин жана учурда анын негизинде иштер жүргүзүлүп жатканын айтты. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн