Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 21:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Премьер-министрдин маалымат катчысы Текебаевге жооп берди

25.02.2020 10:26
629
Премьер-министрдин маалымат катчысы Текебаевге жооп берди


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сынына жооп берди. Ал Текебаевдин мындай кадамын шайлоо өнөктүгү жакындап калганы менен байланыштырды.


Ошондой эле А.Султаналиев эски бийликтин тушунда кабыл алынган чечимдерди эске салган. “Айрым саясатчылардын эс-тутуму өтө кыска болот. Мисалы, Кызыл-Омполдогу уран кенине байланыштуу Текебаев учурдагы өкмөттүн иши ордунан чыкпай калганы катары көрсөтүүдө. Чындыгында уранды чалгындоого лицензияны 2013-жылы өкмөт берген. Ошол өкмөттү ал кезде Текебаев алдыңкы ролду ойноп турган башкаруучу коалиция түзгөнүн унутуп калдыбы? Ал эмне үчүн ошол учурда унчуккан жок? Анын кесиптештери жарандардын талкуусуна чыгарбастан, түкүрүк үчүн айып каралган чийки, чала иштелген Бузуулар жөнүндөгү кодексти кабыл алганда эмне үчүн анын үнүн уккан жокпуз? Өкмөткө мураска калган, акырындык менен мина болуп жарыла турган, өлкө үчүн кооптуу болгон мындай тизмени дагы атай берсе көп”, - дейт Султаналиев.


Белгилей кетсек, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 22-февралда партиянын Бишкекте өткөн жыйынында сүйлөп жатып өкмөттү сындаган. Экономика, инвестиция тартуу, өнөр-жай сыяктуу тармактар туңгуюкка кептелгенин белгилеп, мунун баарына министрлер кабинетин күнөөлөгөн.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн