Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Премьер-министрликке талапкер Боронов ага ишеним көрсөткөндөргө ыраазы болду

16.06.2020 11:47
971
Премьер-министрликке талапкер Боронов ага ишеним көрсөткөндөргө ыраазы болду

 

Мухаммедкалый Дүйшөкеевич өкмөт башчылыктан кетүү тууралуу саясий чечим кабыл алды, учурдан пайдаланып анын келечектеги иштерине ийгилик каалайбыз, деп билдирди премьер-министрлик кызматка талапкер Кубатбек Боронов бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин Көпчүлүк коалициясынын жыйынында сөз сүйлөп жатып.


Ушул учурда менин талапкерлигимди туура көрүп, ишеним көрсөтүп, сунуштап жана колдоп жатканыңыздар үчүн депутаттарга терең ыраазычылык билдирем”, - деп айтты Кубатбек Боронов.


Ал белгилегендей, өзгөчө кырдаалдар министри болуп 7 жыл, өкмөттө биринчи вице-премьер-министр болуп 2,5 жыл иштеген. “Менин саясий ишмердүүлүгүм элдин көз алдында жана сыноосунда болуп келгенин билдиргим келет. Азыркы президент Сооронбай Шарипович премьер-министр кезинде сунушталган “Ишеним жана биримдик” жана анын улантуучусу “Ишеним, биримдик жана жаратмандык программаларынын алкагында өкмөттүн кабыл алынган иш-чаралары аткарылып келе жатат. Мындан ары да ушул багытта иштер улантылат”, - деди Боронов.


Ал кошумчалагандай, экономиканы кризистен натыйжалуу алып чыгуу жана андан ары өнүктүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралардын пакетин ишке ашыруу өкмөттүн негизги багыттарынын бири. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн