Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 11:36
USD
89.40
89.77
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Президент Александр Волкодавды "Голос" долбоорун жеңиши менен куттуктады

31.12.2021 16:12
2764
Президент Александр Волкодавды "Голос" долбоорун жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров  Россияда өткөн "Голос" теледолбоорунун жеңүүчүсү деп таанылган Александр Волкодавды куттуктады. Бул тууралуу президент социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Жаңы жылдын алдында жалпы кыргызстандыктарды кубандырган эң сонун жаңылык Москвадан келди. 

Мекендешибиз Александр Волкодав абройлуу «Голос» теледолбоорунун мааракелик сезонунун жеңүүчүсү болду. 

Бул чет элдик вокалдык шоунун финалын миллиондогон көрүүчүлөр бир дем менен көрүп отурду десек аша чапкан болбойбуз.  

Бүт өлкө кыргызстандык Александр Волкодавды телеэкрандан сүрөп турушту. 

Мекендешибиз сынактын бардык баскычтарын ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы экенин далилдеди.

Мекендештерибиздин арасында Кыргызстандын даңкын өлкө сыртына да даңазалаган таланттуу жаштар бар экенине абдан сыймыктанабыз. Александрдын жеңиши биз үчүн жаңы жылдык эң сонун белек болду.

Ага мындан ары дагы албан-албан ийгиликтерди, чоң-чоң жетишкендиктер менен жеңиштерди каалайм",- деп билдирүү калтырган президент Жапаров.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн