Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент: Биринчи милдет бейтаптарды өз убагында кабыл алуу жана ооруканаларга жайгаштыруу

01.07.2020 16:55
1501
Президент: Биринчи милдет бейтаптарды өз убагында кабыл алуу жана ооруканаларга жайгаштыруу


Бүгүнкү күндө эң биринчи кезектеги милдет вирустун мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана бейтаптарды өз убагында кабыл алуу, аларды ооруканаларга жайгаштыруу. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов менен эпидемиологиялык кырдаалды талкуулоо учурунда билдирди.

Президенттин айтымында, эпидемияга каршы иш-чараларды жалпы республика боюнча күчтөндүрүү зарыл.

Мамлекет башчысы тез арада ооруканаларда кошумча койко-орундарды даярдоо чараларына, коронавирус инфекциясы бар бейтаптарды дарылоо үчүн жаңы медициналык мекемелерди кайрадан профилдештирүү жана медициналык кызматкерлерди мобилизациялоо мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурду.

«Коомчулук бардык маселелер боюнча толук жана так маалыматты Республикалык штабдан, адистерден алышы керек. Коомчулук менен кайтарым байланыш өтө маанилүү. Ошондо гана чыңалуу басаңдап, тынчсызданткан божомолдордун тарашын азайтууга болот», — деп баса белгиледи президент.

Ал белгилегендей, өлкөнүн бардык жашоо-тиричилигин камтыган чөйрөлөр боюнча кыргызстандыктарды тынчсызданткан башка маселелер да көз жаздымда калбашы керек.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле күзгү-кышкы мезгилге жана мезгилдүү илдеттердин алдын алууга керектүү даярдыктарды көрүүгө чакырды.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн