Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 15:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Президент С.Жээнбеков Кочкор районунда жергиликтүү тургундар менен баарлашты

19.08.2020 17:37
1077
Президент С.Жээнбеков Кочкор районунда жергиликтүү тургундар менен баарлашты


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районундагы ирригация долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев 2019-жылы Дүйнөлүк банк менен Кош-Дөбө айылындагы ирригациялык системаны реабилитациялоо жөнүндө келишимге жетишилгендигин маалымдады.

Аталган долбоорду толугу менен ишке ашырууда жакынкы үч айыл өкмөтүндө 2,5 гектардай жаңы сугат жерин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Жергиликтүү тургундар менен баарлашууда президент Сооронбай Жээнбеков улутук ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу анын өзгөчө көзөмөлүндө тургандыгын, бул аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында бүтүндөй бир комплекстүү маселелердин чечилишине өбөлгө болорун дагы бир жолу белгиледи.

«Элинин көпчүлүгү айыл  чарбасы менен алектенген өлкөдө ирригация тутумдарын кеңейтүү — бул социалдык-экономикалык өнүгүүнүн маанилүү маселеси», — деп баса белгиледи ал.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча саясаттын негизги багыттарына кеңири токтолуп, анын президенттик ишмердүүлүгү мезгилинде ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Жергиликтүү тургундар жалпы облустун өнүгүшүнө жакшы таасир этүүчү Кочкор районунун ирригация тутумдарынын кеңейтилишине ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, 2026-жылга чейин Кыргызстандын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы 3 этаптан турат, алардын экөө 2024-жылдын аягына чейин ишке ашырылат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн