«Бүгүн белгилүү болгондой президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери Мыктыбек Абдылдаев менен сүйлөштү. Анын жүрүшүндө экөө жолугушуу тууралуу макулдашкан. Ал (Садыр Жапаров) кимди айтып жатканы бизге белгисиз», - деди Стамалиева Садыр Жапаровдун президенттин отставкасы тууралуу айткандары боюнча.
Ошондой эле президенттин басма сөз катчысы Абдылдаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Жээнбеков тараптан өзүнүн конституциялык милдетин аткаруу, анын ичинде кызматтык дайындоолорду мыйзамдаштыруу тууралуу талкууланганын билдирди.
Буга чейин Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбеков арызын жазып, тынч кетүүгө даяр экенин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн