Кулжа 29, 2024
Убакыт: 00:48
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Президент Садыр Жапаров Брюсселде Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушту

25.06.2024 16:34
87
Президент Садыр Жапаров Брюсселде Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Бельгияга иш сапарынын алкагында падыша Филипп менен жолугушту.

Бетме-бет өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Бельгиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар келечектүү багыттары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров падыша Филиппти Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн