Бугу 06, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Президент Садыр Жапаров Душанбеге иш сапар менен барат

13.09.2023 11:05
223
Президент Садыр Жапаров Душанбеге иш сапар менен барат


Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына иш сапар менен барат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө",- деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн