Теке 15, 2025
Убакыт: 14:19
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барат

29.05.2025 17:18
282
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барат


Президент Садыр Жапаров 30-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына барат. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.


«Саммиттин темасы «Жалпы горизонттор. Глобалдык туруктуулук үчүн Борбор Азия менен Италиянын диалогу» деп аталат. Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.


Саммитке Борбор Азиянын мамлекет башчылары, ошондой эле Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Ж.Мелонинин катышуусу күтүлүүдө», - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн