Теке 02, 2024
Убакыт: 12:01
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады

30.06.2024 12:26
93
Президент Садыр Жапаров өлкөнүн юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, өлкөнүн юристтерин Юристтер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Урматтуу юристтер жана жалпы эле юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

“Ар бир кесип ардактуу” дейбиз, ошентсе да сиздердин кесибиңиздер эң байыркы замандардан тартып, адам баласы узанган маанилүү кесиптердин бири болуп келген. Ошондон тарта юристтерге адам баласынын эркиндигинин жана адилеттүүлүктүн бийик идеалдарын коргоо милдети жүктөлүп келет.

Сиздердин кесип адам тагдырына болгон чоң жоопкерчилик, ар-намыс, абийир-ариет менен тыгыз байланышкан.

Күнүмдүк ар бир чечимиңиздер – акыйкаттыктын, азаттыктын жана мыйзам алдындагы теңчиликтин кепилдиги болуп саналат. Мындан улам, коомдун жана ар бир жарандын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, укуктук маданиятты жаратууга, кара кылды как жарган калыстык жана чынчылдык ынанымдарын бекем кармануу менен укуктук мамлекетти түптөөгө, демократиялык принциптерди калыптандырууга, аны андан ары өнүктүрүүгө дал ушул кесип ээлери олуттуу салым кошуп келатканын баса белгилейм.

Азыркы өнүккөн заманга жараша кесипкөйлүгүңүздөрдү арттырып, жарандык жигердүү позицияңыздарды бекемдеп, кынтыксыз аброй күтүү менен мындан ары да эгемен мамлекетибиздин туруктуулугун жана өлкөбүздө мыйзамдуулукту чыңдоо үчүн ак кызмат өтөй берериңиздерге ишенем.

Мыйзамдуулукту туу тутуп, укук үстөмдүгүн бекем кармануу менен жалпы Кыргызстан элине кылган эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Сиздерге чың ден соолук, демдүү күч-кубат, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш жана ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн