Бугу 12, 2024
Убакыт: 02:29
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапары аяктады

21.11.2023 09:27
173
Президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапары аяктады


Президент Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрда Японияга болгон расмий сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө Император сарайында Мамлекет башчысы жана анын жубайы Айгүл Жапарованын Император Нарухито жана Императрица Масако менен жолугушуусу, ошондой эле Императордук үй-бүлө мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын расмий делегация мүчөлөрү менен таанышуусу болду.

Андан соң Япония парламентинин спикери Фукусиро Нукага жана Япониянын Эл аралык кызматташтык банкынын (JBIC) башкаруучусу Нобумицу Хаяси менен жолугушуулары болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле Япония менен өнөктөштүктү бекемдөө, анын ичинде кадыр-барктуу финансылык институттарды тартуу маселелери талкууланды.

Сапардын экинчи күнү, 18-ноябрда, Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Шинкансен ылдам жүрүүчү поезди менен Киото шаарына барышты.

Бул жерде Мамлекет башчысы Киото префектурасынын губернатору Такатоши Нишиваки менен жолугуп, Садыр Жапаровдун Японияга сапары мамлекеттердин эки тараптуу мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарарына ишенимин билдирди.

Япониянын байыркы борборунда Президент жана Биринчи айым чай аземине катышып, салттуу даамдуу суусундуктан ооз тийишти.

Ушул эле жерде 19-ноябрда, көлмөнүн айланасындагы "Сенто" императордук бакчасында сейилдөөгө чыгып, ал аяктагандан кийин Садыр Жапаров ардактуу коноктордун китебине жазуу калтырды.

Садыр Жапаров Токио шаарына кайтып келгенинде, 20-ноябрда, бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, алардын арасында: Япониянын "РОТОБО" бизнес-ассоциациясынын, JETRO - Япониянын тышкы соода уюмунун жетекчилиги, "Metarise Japan" компаниясынын өкүлдөрү, JICAнын жетекчилиги, ошондой эле JATA - Япониянын туристтик операторлор ассоциациясынын башчысы менен жолугушуулары болду.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Япониянын жалпы улуттук NHK каналына интервью берип, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү тууралуу кеңири айтып берди.

Күндүн экинчи жарымында Премьер-министрдин резиденциясында Кыргызстандын Президенти өлкөнүн Өкмөт Башчысы Фумио Кисида менен расмий жолугушуу аземи болду. Андан соң лидерлер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Ошол эле учурда Премьер-министрдин резиденциясында Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Япониянын Премьер-министринин жубайы Юко Кисида менен жолугушту.

Андан кийин эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи, ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн лидерлердин биргелешкен билдирүүсү болуп өттү.

Андан соң Мамлекет башчысы жубайы менен Япониянын Премьер-министри Фумио Кисиданын атынан расмий кабыл алууга катышты.

21-ноябрда эртең менен Президент Садыр Жапаров расмий сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн