Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 08:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Президент Садыр Жапаровдун айткан сөзүнүн каалагандай таржымалданып жатышы жөн жерден болгон жок

10.01.2022 11:20
2878
Президент Садыр Жапаровдун айткан сөзүнүн каалагандай таржымалданып жатышы жөн жерден болгон жок


Орусиянын алдыңкы катардагы саясатчысы Жириновский жана башка дагы клоундарынын биз жөнүндө айткандары, Орус чиркөөсүнүн башчысы Кириллдин дагы биз тарапты тарыхый орус жерлери деген туюндурмасы, орус маалымат айдыңындагы Президент Садыр Жапаровдун айткан сөзүн ары бери чоюшуп, өздөрү каалагандай таржымалдап, бир тараптуу колдонуп кетип жатканы албетте канды кайнатат, кыжырга тиет... Мунун бардыгы кокусунан эле болуп жаткан жок, аны туура түшүнөлү, туугандар. Бирок бул бери эле жагы. Казактарды октолоп, ээр токубай жайдак минип канчалык катуу камчылаша турган болсо, бизге карай маалыматтык-психологиялык кысым дагы ошончо күчөй берет... Бирок, Ваня абабыз аягы барып быйыл бизге момпону көп эле берет, бул саясаттын күңгөй-тескеиндеги эзелтеден бери болуп келген эле көрүнүш... Саясат ар дайым бир колго камчы, экинчи колго токоч кармап жасалат да.


Кичинебизде ыйлаган баланы "орус келетат" деп сооротчу эле... ким болбосун тып эле басылчу... Мына быйылкы 2022-жыл накта орус келген жыл болот бизге... Ваня абабыздын бир колу маалымат айдыңында бизди ары-бери тоголотуп уйпаласа, экинчи колу анда-санда момпо берип сооротуп да турат... Мындайча айтканда жыл "орус жылдызынын астында" өтөт... Кудай бетин салбасын дейли... быйыл мамлекеттик деңгээлдеги ары бери каттоолор, расмий, бейрасмий визиттер көбөйөт, канчалаган эки тараптуу иш чаралар, бизнес жана инвестициялык форумдар өтөт дейсиңер... канчалаган биргелешкен ишканалар түзүлөрү айтылат... ушунча жыл иштээр-иштемексен болуп, акча-каражатын берээр-бермексен болуп отурган Орус-Кыргыз фондусу дагы жигерденип иштей баштайт... ага кредит бердик, буга кредит бердик, ал ишкананы каржыладык, бул иш-чараны каржыладык деп... уу-дуу кылышат... Ушунун бардыгынын майнабы өтө көп болбосо дагы, үгүт-насыят жагы жакшы эле жыш болот... Мээбизге жакшы эле куюлат - Ваня абабыз жок болсо такыр эле талаада кала тургандыгыбыз айтылып... Эми мунун бардыгы эл аралык саясатта болуп келген, эми деле боло турган иш. Биз болсо ушундай кырдаалда ..ааа... - деп оозубузду ачып отура бербей, болгон мүмкүнчүлүктөрдү болушунча натыйжалуу пайдаланып калууга тырышканыбыз оң го дейм... Бул күндөр дагы артта калат... Максатыбыз Эгемендүү Кыргыз Мамлекетин, Кыргыз Элин сактап калуу, бул кырдаалдардан дагы чыйралып, бышыгып, өнүгүп чыгуу. Реалдуулук менен дагы туура эсептешели, туугандар...


Эмилбек Каптагаев, мамлекеттик ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн