Бугу 09, 2024
Убакыт: 14:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Президент Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды

31.03.2020 17:22
1065
Президент Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.


Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралган.


Ошондой эле Коопсуздук кеңеши премьер-министрге өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын киришин алдын алуу боюнча жетишсиз иштери үчүн өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө чара көрүү сунушун киргизди


Жыйында мамлекет башчысы өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузгандардын санынын өсүшү алдын алуу чараларын көрүү боюнча канааттандыралык эмес иштердин натыйжасы болуп саналаарын өзгөчө белгиледи.


Сооронбай Жээнбеков ишинде кетирилген кемчиликтери үчүн, биринчи кезекте, өлкө аймагына илдеттин жайылышына кошумча фактор болуп берген, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгы үчүн республикалык штабдын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды.


«Коопсуздук кеңеши бул маселе боюнча төрт жолу жыйынга чогулду. Иштин негизги багыттары тыкыр аныкталган. Жыйынтыгында Коопсуздук кеңешинин чечимдери ишке ашырылбай, керектүү натыйжага жетишилбей жатканын көрүп жатабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.


Коронавирус жуктуруп алгандарды жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо боюнча иштерди координациялоо республикалык дагы, жергиликтүү деңгээлде дагы канааттандырарлык эмес жүргүзүлгөндүгүн билдирди.


Президент лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө өз маалында даярдык болбогондугу, лабораториялардын медициналык техникалар менен жетиштүү жабдылбагандыгы жана тестирлөөгө керектөөчү материалдардын запасы жетишсиз даярдалгандыгы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн өзүнчө сынга алды. Ошондой эле медиктерди жеке коргонуусу үчүн зарыл болгон каражаттар, бүгүнкүдөй шартта алардын күнүмдүк иши үчүн зарыл болгон транспорт жана башка керектүү каражаттар менен камсыздоо боюнча начар иштер сынга алынды.


«Январда сиз биздин лабораториялар даяр деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен. Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чараларды көрүүсү зарыл болчу», — деп белгиледи мамлекет башчысы, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып.


Сооронбай Жээнбеков комендатуралардын ишмердигине карата жарандардын нааразычылыгы болуп жатканын баса белгиледи. Анын ичинде атайын пропусктарды берүү, блок-постторду атайын жабдыктар менен жабдуу, блок-посттордо турган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо маселелери бар.


Ошондой эле өлкөнүн өткөрмө пункттарындагы карантин-санитардык постторунун ишмердигине, келип жаткан жарандарды текшерүү боюнча иш жетишсиз уюшулганына көңүл бурду.


Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча өкмөткө бир катар сунуштар киргизилди.


Алардын катарында бейтаптарды коронавирус инфекциясынан дарылап жаткан ооруканаларга, обсервацияларга, санитардык посттордун ишине тартылган врачтардын жана медициналык орто персоналдын ишмердүүлүгүнө дем берүү жана натыйжалуулугун арттыруу максатында аларга бир жолку материалдык сый акы төлөө маселеси бар.


Ошондой эле өзгөчө абал жарыяланган калктуу пункттарга эң зарыл болгон товарларды жана социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдү жеткирүү жана ишке ашыруу алгоритмин иштеп чыгуу сунушталды. Ошол эле мезгилде муктаждардын тизмесин катталган жерине эмес, жашаган жерине карап түзүү зарыл.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн