Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:27
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Президент: Сот реформасынын негизги артыкчылыгы - сот тутумуна болгон ишеним

21.05.2020 17:53
1056
Президент: Сот реформасынын негизги артыкчылыгы - сот тутумуна болгон ишеним


Сот реформасынын эң артыкчылыктуу багыттарынын бири жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул багытта ишти күчөтүү зарыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле сот тутумун санариптештирүү боюнча ишти күчөтүү, тактап айтканда, бардык сот залындагы жана соттогу электрондук сот өндүрүшүнө  аудио-видео жаздырууну толугу менен киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

Сот жана сот-аткаруучулук блоктор бөлүгүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматтык маалымат тутумун ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүнө токтолду.

Жолугушууда ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалга жараша сот тутумунун 2020-жылга пландаштырган бюджетин кайрадан карап чыгуу маселеси көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, Судьялар кеңеши судьялык өз алдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзүүчү, судьялардын съезддеринин ортосундагы мезгилде иш алпарган судьялык өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн