Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:47
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Президент аймактардагы ички жолдорду оңдоонун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды

12.08.2020 19:11
1557
Президент аймактардагы ички жолдорду оңдоонун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Баткен шаарында мамлекет башчысы Курманжан-Датка көчөсүндөгү асфальт төшөө иштерин көрүп чыкты.


Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов аталган көчөнүн 1,1 чакырымына кум шагыл жана асфальт төшөө иштери жүрүп жатканын маалымдады. 


Бул боюнча жумуштар 2020-жылдын август айынын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылууда. Мындан сырткары, Баткен шаарында жакынкы арада бюджеттен дагы эки көчөнү асфальттоо мерчемделген.


Курулуштун жүрүшү менен таанышкан соң, мамлекет башчысы региондордогу ички жолдорду оңдоонун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Бул багыттагы иштер кийинки жылдарда да улантыла тургандыгын өзгөчө белгиледи.


Эске салсак, региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында республиканын райондук борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор республикалык бюджеттин каражатына асфальтталып, оңдолууда.


Транспорт жана жолдор министрлигинин берген маалыматы боюнча, 2019-жылы 40 райондук борбордо жана 8 шаарда 140 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлгөн. Быйылкы жылда 150 км жолду асфальттоо пландалууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн