Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:08
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президент айрым социалдык мекемелерде тамак-аш үчүн бекитилген акчалай ченемди 100%га көтөрдү

06.12.2021 15:24
642
Президент айрым социалдык мекемелерде тамак-аш үчүн бекитилген акчалай ченемди 100%га  көтөрдү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактанууга чыгымдардын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Эске салсак, тийиштүү тапшырманы мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылындагы Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барганда берген.


Ошентип, социалдык чөйрөнүн мекемелеринде жашаган ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын жана адамдардын, улгайган жарандардын тамактануусунун сапатын көтөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:


1.Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети:


1) 2022-жылдын 1-январынан баштап төмөнкүлөрдүн тамактанууга акчалай ченемин 100 пайызга көбөйтсүн:


— Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мекемелериндеги балдардын, улгайган жарандардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын;


— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелериндеги жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын;


— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин адистештирилген реабилитациялоо борборлорундагы (балдар үйлөрүндөгү) балдардын;


2) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;


3) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн