Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 16:53
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Президент чек арада жабыркаган жана эвакуацияланган элге бардык жардамды көрсөтүүнү тапшырды

16.09.2022 21:52
454
Президент чек арада жабыркаган жана эвакуацияланган элге бардык жардамды көрсөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек арадагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө жана чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар талкууланды.


Мамлекет башчысы тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүнү, ошондой эле жабыркаган жана эвакуацияланган Кыргызстандын жарандарына бардык керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн