Кулжа 29, 2024
Убакыт: 10:14
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Президент коронавирустан каза болгон дарыгердин жакындарына көңүл айтты

04.05.2020 11:05
1038
Президент коронавирустан каза болгон дарыгердин жакындарына көңүл айтты


Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын № 3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаеванын кайтыш болгондугуна байланыштуу анын жакындарына көңүл айтат.

«Жүзүм Көкүмбаеванын коронавирус илдетинен дүйнөдөн кайтты деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул илдет менен күрөштө ак халатчан медиктерибиз алдыңкы сапта турушат. Илдетти жуктуруп алуу коркунучуна карабай, жабыркап жатышса да, өтө бийик каармандык жана тайманбастык менен жарандарыбызды өлүмдөн, оорудан сактап калышууда. Тилекке каршы, бул күрөштө ак халатчан дарыгерибизден айрылып отурабыз», - дейт мамлекет башчысы.


«Жүзүм Көкүмбаеванын элеси ар дайым ар бирибиздин, анын колунда дарылангандардын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде өчпөй, сакталат. Ак жүрөк дарыгерибиздин бир туугандарына, жакындарына жана балдарына чын жүрөктөн көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм», - деген президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн