Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Президент эки министрди “такалады”

24.01.2020 12:44
711
Президент эки министрди “такалады”

Коопсуздук кеңештин жыйынында  Саламаттык сактоо министрлиги “Мектеп медицинасы – IT- оорукана” долбоорун, ал эми  Билим берүү жана илим министрлиги “Акылдуу мектеп” долбоорун ишке киргизүүгө кош көңүл мамиле жасап жатканын айткан Сооронбай Жээнбеков бул эки министрге карата тартип чарасын көрүү талабын койду.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев аталган долбоорду ишке ашырууга акча каражаты жетишпей жатканын, аппараттык комплексти орнотуу үчүн 300дөн 500 млн.сомго каражат керек экендигин, 2020-жылы башка айласын таап бул долбоорду ишке ашыра тургандыгын айтып, актанды.

Ал эми билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бүгүнкү күндө “Келечектин мектеби”, “Электрондук мугалим” программалары 30 мектепке коюлгандыгын айтып, актанды эле президент “Сиз министрлик кызматка жаңы эле келдиңиз жана ишти жакшы баштаңыз” деп көңүлүн көтөрүп койду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн