Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 15:47
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Президент шайлоо тосмосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзамга кол койду

01.07.2020 08:34
1019
Президент шайлоо тосмосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзамга кол койду


Президент Сооронбай Жээнбеков «КР президенти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы бидирди.

Аталган конституциялык мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 18-июнунда саясий партиялардын Жогорку Кеӊешке өтүүсү үчүн 9% шайлоо тосмосун 7%га түшүрүү максатында кабыл алынган.

Аталган максатта кабыл алынган мыйзам менен «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 64-беренесинин 2- жана 3-бѳлүктѳрүнѳ тиешелүү ѳзгѳртүү киргизилген.

Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн