Президент Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар Москва шаарына келери менен коронавируска тест тапшырышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына ылайык, Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.
Мындан аркы алгоритмге ылайык, президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн