Президенттик «Акылман» лицейинде 480 окуучу билим алат. Бул тууралуу Билим берүү мекемеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда айтылат. Документ коомдук талкууга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталды.
Негиздемеде долбоор таланттуу окуучулардын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн колдоону жана өнүктүрүүнү жана аларды илим, математика, инженерия жана IT технологиялар багыттары боюнча кесипке чейинки даярдоону камсыз кылган жалпы билим берүү уюмунун жаңы моделин түзүү максатында иштелип чыккандыгы белгиленет.
Жобо мектептик билим берүүнүн тутумуна жана мазмунуна жана конкреттүү билим берүү уюмундагы алдыңкы педагогикалык практикага карата заманбап талаптарды эске алуу менен окуу-тарбиялоо, башкаруу, башкаруу, финансы-чарбалык жана башка иштерди уюштуруунун тартибин белгилейт.
Материалдык-техникалык базаны кармоого, мугалимдердин жана башка кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө, анын ичинде Социалдык фондго чегерүүлөргө, ошондой эле балдарды тамактандырууга жана күтүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 48 миллион 952 миң сом бөлүү зарыл.
Эске салсак, Садыр Жапаров 14-июнда президенттик лицейди түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Мекеме Чолпон-Ата шаарында жайгашат. Ал 6-класстан кийин окуучуларды кабыл алат. Кабыл алуунун тартибин Министрлер Кабинети аныктайт. Мекеме түз эле Билим берүү жана илим министрлигине баш ийет.
Пикирлер (1)