Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Президенттин Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынан фоторепортаж

04.08.2020 08:19
986
Президенттин Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынан фоторепортаж


Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарларын улантууда. Кечээ, 3-августта мамлекет башчысы Ысык-Көл облусуна эки күндүк иш сапарын баштады.

Президент Ак-Суу районундагы дарыгерлер үчүн жеке коргоочу каражаттарды чыгара баштаган «Айко Сейко» ЖЧКсы текстиль ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Андан соң, мамлекет башчысы Каракол шаарындагы «Ак-Булак плюс» ЖЧКсы сүттү кайра иштетүүчү ишканага барды.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун ички жолдорун реконструкция кылуу жана курулуш иштери менен таанышты. Анда Каракол шаарында башкы көчөлөрдүн бири болуп саналган, 1970-жылдан тартып оңдоло элек Жусуп Абдрахманов көчөсү оңдолуп-түзөлүп жатканы белгилүү болду.

Мамлекет башчысы ошондой эле Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы жолдордун ремонтунун жана курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анын ичинде, айылдын үч көчөсүнө асфальт төшөлүүдө, иштин жыйынтыкталышы үстүбүздөгү жылдын 25-августуна пландаштырылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү шартында Ысык-Көл облусундагы бир катар медициналык объектилердин абалынан кабар алды.

Сүрөттөр президенттин басма сөз кзматынан алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн