Теке 04, 2025
Убакыт: 03:35
USD
87.30
87.80
EUR
102.70
103.70
RUB
1.105
1.135

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөгүш берилди

04.07.2023 12:22
847
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөгүш берилди


Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов Илияз Жеңишовичке сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, президенттин "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" Жарлыгын аткаруу жоопкерчилиги Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлөт.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынып салынган эмес, ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла элек.

Мындан тышкары, Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин мыйзамсыз курууга жол берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн