Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 03:26
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Президенттин администрациясы Өмүрбек Бакировдун кабинети тууралуу түшүндүрмө берди (видео)

23.11.2022 18:23
1028
Президенттин администрациясы Өмүрбек Бакировдун кабинети тууралуу түшүндүрмө берди (видео)

Мыйзамга ылайык 7-кабатка спикер, вице-спикер жана фракция лидерлери гана отура алат. Мындай пикирин Президенттин администрациясынын иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Элмира Усенова билдирди.


Анын айтымында, Жогорку Кеңештеги кабинет маселеси өтө эле саясатташып кетти.


"Мыйзамга ылайык 7-кабатка спикер, вице-спикер жана фракция лидерлери гана отура алат.

Мурда 120 депутат баткан кабинеттерге азыр 90 депутат батпай жатат. Анткени булар кабинеттин ортосундагы дубалдарды бузуп кабинет чоңойтуп алган.


Биз бул башаламандыкты иретке келтирүүнү 7-кабаттан баштаганбыз. Ошол иш Өмүрбек Бакировдун кабинетине туура келип калды",- деди Усенова.


Усенова депутаттарды бул маселени көп саясатташтырбоого чакырды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн