Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 08:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президенттин администрациясы президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын талкуулады

19.08.2022 11:33
400
Президенттин администрациясы президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында президенттин администрациясынын коллегиясы өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Коллегиянын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ишин баалоо методикасы сунушталды, андын негизги принциби катары бирдиктүү жоопкерчилик саналат. Белгиленгендей, мындан ары тигил, же бул иш-чараны аткарууга тартылган мамлекеттик органдар анын аткарылышы үчүн аткаруудагы пайыздык катышына көзкарандысыз түрдө бирдей жоопкерчилик алат.


Андан соң президенттик аппараттын коллегиясында Айыл чарба министрлигинин жана Энергетика министрлигинин ишмердүүлүгү каралды. Коллегиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президентинин, жарлыктарынын, тапшырмаларынын, ошондой эле Министрлер Кабинетинин тапшырмаларынын, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата иш-чаралар планынын алкагында каралган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу маалымат берилди.


Ошондой эле, президенттин администрациясынын укук бөлүмү тарабынан аталган министрликтердин ченемдик укуктук актыларды даярдоосуна карай баа берилди. «Аталган эки министрлик негизги тармактык мамлекеттик органдардын бири болуп саналат, алардын ишинен Министрлер Кабинетинин жалпы иши көзкаранды. Аларга республикалык бюджеттен болуп көрбөгөндөй чоң финансы каражаты бөлүнгөн», — деди Акылбек Жапаров.


Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы 2022-жылдын 10-декабрына чейин бардык аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин жыйынтыгы ушундай эле жол менен чыгарыла тургандыгын белгиледи.


Министрлер кабинетинин башчысы кошумчалагандай, ар бир коллегиянын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар кабыл алынат жана Өкмөт менен Президенттин аппараттары бириктирилгенден кийин жазуу жүзүндөгү гана эмес, оозеки тапшырмалардын да аткарылышын көзөмөлдөөгө кошумча мүмкүнчүлүк пайда болгонун эске салды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн